Кыргыз-тажик чек арасы тууралуу келишим ратификацияланды

Кыргыз-тажик чек арасы тууралуу келишим ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» жана «Унаа жолдорун куруу жана пайдалануу, жолдордун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдарына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган эки келишимге 13-мартта эки өлкөнүн президенттери Бишкекте кол коюп, 19-мартта Жогорку Кеңеш аларды мыйзам түрүндө бекитип берген.

Чек ара келишими менен эки өлкөнүн 1008,14 чакырым чек арасы такталып, макулдашылды. Анын ичинен 519,9 чакырымы 2011-жылга чейин такталып жазылса, калган 488,24 чакырым тилкеси акыркы үч жылда такталды.

Ал эми «Унаа жолдорун куруу жөнүндө» макулдашууга ылайык, эки унаа жолун куруу каралган. Алар макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып бейтарап макамына (статуска) ээ болушат.

Биринчиси Дача – Капчыгай жолу (Ходжаи Аъло – Ворух) Капчыгай айылынын чыгыш тарабын айланып өтөт. Аны Тажикстан пайдаланат.

Экинчиси Миң-Өрүк – Самаркандек жолу (Ориено-Шуристон) Сурх айылынын түндүк тарабын айланып өтөт. Аны Кыргызстан колдонот.

Ошондой эле ушул эле макулдашуу боюнча Ош – Раззаков жана Исфара – Ворух жолдорунун кесилишиндеги Төрт-Көчө тилкеси бейтарап макамга ээ болуп, эки тарап колдонот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>