Кыргыз-тажик чек арасын тактоо: Жумушчу топтор Бишкекте жолукту

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо: Жумушчу топтор Бишкекте жолукту

Жетишилген макулдашууга ылайык, Бишкек шаарында, 19-майдан 25-майга чейин, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун  кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелердеги өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.

Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>