“Кыргыз темир жолу” ишканасы 20 чакырым темир рельс сатып алды

10.11.2021 | 16:45

Кыргыз темир жолундагы транспорттук процесстердин коопсуздугун жогорулатуу үчүн “Кыргыз темир жолу”  мамлекеттик ишканасынын каражаттарынын эсебинен 20 чакырым рельс сатып алынды. Бул туурасында аталган мекемеден билдирди.

Маалыматка караганда,  Р-65 рельстеринин биринчи партиясы келген. Рельстер  2021-жылы чыгарылган. Атайын талаптарга жооп берет. Ушул жумада көйгөйлүү участкаларга рельстер  төшөлө баштайт.

20 чакырым рельс төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

– темир жолдун 3933-чакырымынан 3946-чакырымына чейин (“Балыкчы” станциясынан  148-чакырым чейин) 14 чакырым темир рельс менен төшөлөт;

– 3729 чм темир жолдон 3733 чмга чейин – 5 чм рельс (Кара-Балта станциясынан 141-разъездге чейин);

– темир жолдун 3676 чм (“Мерке-Чалдовар”) 1 чакырым рельс төшөлөт.

[image_carousel source=”media: 108218,108217,108216,108215,108214″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”] 

Scroll to Top