Түндүк-түштүк унаажолунун бир бөлүгү ишке берилди

Түндүк-түштүк унаажолунун бир бөлүгү ишке берилди

Түндүк- түштүк альтернативалык жолдун кезектеги бөлүгү курулуп бүттү. Бул туурасында жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.

Маалыматка караганда, Жумгалдын Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки 100 чакырымы аяктады. Анын ачылыш аземине 10-ноябрда Министрлер кабинетинин жетекчилиги жана Кытай элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Жумушу эң оор деп эсептелген бул тилкеге эстакадалык эки көпүрө курулду.

Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров Тогуз-Торо районунун эли менен жолугуп, “жаңы жолдорго жана инфраструктуралык имараттарга аяр мамиле жасоо зарыл” деп айтты.

2015-жылы башталган долбоордун наркы 937 миллион долларлык (анын 46 миллиону грант) насыя, анын 560 миллиону өздөштүрүлгөн. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулуш иштерин Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>