Бишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталды
“Кыргызалтын” мамлекетке дивиденд түрүндө 10,5 млрд сом төлөйт
06.04.2023 | 19:00
“Кыргызалтын” ААК 2022-жылдагы таза кирешесинин 25%ын дивидед түрүндө мамлекетке төлөйт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалат.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын жыйынтыгы менен компаниянын таза кирешеси 42 млн 65 млн 648,5 ми сомду түзгөн. Бул сумманын төрттөн бир бөлүгү 10 млнд 516 млн 442 сомду түзөт жана мамлекеттин бюджетине чегерилет.
Муну менен катар такталгандай, бул суммага Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы ФУГИ) балансына өткөн “Кыргызское взморье” санаторийи кирет.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика