Дүйнөдөгү эң жаш премьер-министр отставкага кетти

Дүйнөдөгү эң жаш премьер-министр отставкага кетти

Финляндиянын премьер-министри Санна Марин парламенттик шайлоодо утулгандан кийин отставкага кеткенин Yle басылмасы билдирди.

Премьер-министр Санна Марин башчылык кылган Финляндиянын өкмөтү республиканын президенти Саули Ниинистага ал башчылык кылган социал-демократиялык партия (СДП) парламенттик шайлоодо утулуп калгандан кийин отставкага кетүү жөнүндө кат тапшырды.

Финляндиянын президенти Саули Ниинисте өкмөттүн отставкага кетүү өтүнүчүн кабыл алды.

Парламенттик шайлоодо Санна Мариндин Социал-демократиялык партиясы үчүнчү болду. Биринчи орунду консервативдүү “Улуттук коалиция”, экинчи орунду “Чыныгы финдер” улутчул партиясы ээледи.

Финляндиянын өкмөтү жаңы партиялык коалиция жана жаңы Министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин техникалык функцияларды аткара берет. 2019-жылы Санна Марин дүйнөдөгү эң жаш өкмөт башчы болгон. Мариндин өкмөтү чыгашаларды көбөйткөнү үчүн сынга кабылган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>