Салык кызматында 13 кызматкер жумуштан бошотулдуКыргызстан менен Словения ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдөЖаш баланын өлүмүнө себепкер болгон 17 жаштагы айдоочу бир айга камалдыФучик көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылдыЮ. Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылдыКатар өкмөтү Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасына кошумча корпус курууга грант бөлдү
“Кыргызалтындын” алтын куймаларынын баасы белгилүү болду
08.02.2022 | 09:45
“Кыргызалтын” ишканасы чыгарган аффинаждалган алтын куймаларынын сатуу баасы белгилүү болду. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.
7-февралда 12 кг 33,5 граммдан 13 кг 76,6 граммга чейинки куймалар сатыкка чыкты. Эң кичине салмактагы ушундай куймалардын биринин баасы 59 миллион 208 миң 476,32 сомду, же 698 миң 219,7 долларды түздү.
1-февралдан тарта Улуттук банк ички рынокто салмагы 10,9 килограммдан 13,4 килограммга чейинки аффинаждалган алтын куймаларын сата баштады. Сатуу накталай эмес формада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсебине акча которуу жолу менен жүргүзүлөт. Бул аффинаждалган алтын куймаларын Улуттук банк тарабынан кайра сатып алуу жүргүзүлбөйт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика