ЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жататКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөтСадыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолуктуПрезиденттике дагы бир талапкер: Акай Кыдыров БШКга арыз берди
“Кыргызалтындын” алтын куймаларынын баасы белгилүү болду
08.02.2022 | 09:45
“Кыргызалтын” ишканасы чыгарган аффинаждалган алтын куймаларынын сатуу баасы белгилүү болду. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.
7-февралда 12 кг 33,5 граммдан 13 кг 76,6 граммга чейинки куймалар сатыкка чыкты. Эң кичине салмактагы ушундай куймалардын биринин баасы 59 миллион 208 миң 476,32 сомду, же 698 миң 219,7 долларды түздү.

1-февралдан тарта Улуттук банк ички рынокто салмагы 10,9 килограммдан 13,4 килограммга чейинки аффинаждалган алтын куймаларын сата баштады. Сатуу накталай эмес формада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсебине акча которуу жолу менен жүргүзүлөт. Бул аффинаждалган алтын куймаларын Улуттук банк тарабынан кайра сатып алуу жүргүзүлбөйт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика