Мэрия: Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн ачылышы аба ырайына байланыштуу жылдырылдыОкумуштуулар тирүү жандыктын мээсин виртуалдык чөйрөдө толугу менен эмуляциялаштыБишкекте мектепке куралдуу кол салууну пландоого шектелип окуучу кармалдыАйрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилдиКР Саламаттык сактоо министрлиги реанимация кызматын өнүктүрүү пландарын белгиледиЖибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы унаалар үчүн ачылат
«Кыргызкөмүр» Бишкекке көмүр ташып келүүдө: дареги, баасы
11.11.2025 | 09:59

Кечээ, 10-ноябрда, Бишкек шаарынын темир жол аркылуу алты вагон (350 тоннадай) көмүр жеткирилди. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, көмүр Ден-Сяопин көчөсү 306Б дарегине түшүүдө. Көмүр тоннасына 5 миң 800 сомдон сатылууда.
Бүгүн, 11-ноябрда, аталган дарекке дагы 13 вагон көмүр ташылып келинери айтылды.
Ишкана сатып алуучулардын саны абдан көп болуп жатканын, эми шаар тургундары үчүн көмүрдү үзгүлтүксүз ташып келүүнү улантарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом