2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Кыргызстан 2026-жылы 15 миң электромобилди бажы алымынан бошотууну сунуштады
28.10.2025 | 10:36

Кыргызстан 2026-жылы өлкөгө электромобилдерди киргизүүдө бажы алымынан бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдик суроодо. Тиешелүү демилге Евразия экономикалык комиссиясынын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, сунуш 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мөөнөткө жалпы 15 миң унаага карата киргизилүүдө.
“Сунушталган бажы-тарифтик жөнгө салуу чарасы абага көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн азайтууга жана шаарлардын булгануу деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика