Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Өкмөт тубаса оорулардын алдын алуу үчүн “Үмүт” программасын ишке киргизет
28.10.2025 | 10:15

Өкмөт 2025–2030-жылдарга карата “Үмүт” аттуу жаңы улуттук программаны ишке киргизүүнү пландап жатат. Программанын негизги максаты — Даун, Эдварс синдрому сыяктуу тубаса оорулардын алдын алуу.
Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор боюнча кош бойлуу аялдар 11–13 жана 18–21 жумада милдеттүү түрдө скринингден өтүшү керек.
Бул максатта ар бир облуста адистештирилген скрининг борборлору ачылып, алар УЗИ аппараттары жана биохимиялык анализаторлор менен жабдылат.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 2,5 миңден ашык бала тубаса оорулар менен төрөлөт, ал эми акыркы төрт жылда мындай диагноз коюлган балдардын саны 18 миңге жеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом