Кыргызстан Азербайжанга топоз экспорттой баштады – сүрөт

09.12.2022 | 09:54

Кыргызстандан Азербайжанга 100 баш топоз жөнөтүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Улуттук статистика комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда топоздордун саны 53,9 миң башты түзгөн.

“2022-жылы Айыл чарба министрлиги тарабынан асыл тукум чарба статусун ыйгаруу максатында чарба жүргүзүүчү субъекттерди аттестациялоонун жана кайра аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча 5 топоз чарбасы өткөн, чарбаларда 1 миң 543 баш асыл тукум топоз катталган”, – деп билдирет министрлик.

[image_carousel source=”media: 168414,168413,168412,168411,168410,168409,168408,168407″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Кыргызстан Азербайжанга топоз экспорттойт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top