Жапаров Баткенде үйлөрдүн курулушу бүтпөй жатканын сындады

Жапаров Баткенде үйлөрдүн курулушу бүтпөй жатканын сындады

Баткен облусу боюнча 3942 жаран үйлөрүнө кайтып келе элек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, үйлөрү толук күйүп кеткен жарандарга компенсация төлөнүп берилди.

«Бүгүнкү күндө Баткен облусу боюнча 3 миң 942 жаран үйлөрүнө кайтып келе элек, тактап айтканда: 3 миң 781 жаран – башка үйлөрдө, 161 жаран кабыл алуу пунктунда жашап турат. Бул жарандар тиешелүү колдоого муктаж экенин эстен чыгарбоо керек, андыктан азыр борбордо, Чүй облусунда жана Ошто убактылуу жүргөн ар бир адам тууралуу маалыматты тактап, зарыл болгон учурда аларга жардам көрсөтүү керек. Толугу менен күйүп кеткен, оңдоого муктаж үй ээлерине 149,6 млн сом компенсация төлөп бердик. Негизги маселе – 420 үйдүн курулушу, анын ар биринин баасы 3,3 млн сомду түзөт», — деди ал.

Жыйында президенттин Баткен облусундагы чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча атайын өкүлү Кайрат Кошбаков белгилегендей,  учурда 415 объектте курулуш иштери жүрүп жатат. Анын ичинен 273 объектиде — дубал тургузуу, 95 объектиде плиталар коюлуп, 36 объектиде — чатыр жабуу, ал эми 11 объектиде ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

«Бишкек шаарында 3 кабаттуу мектептер 3-4 айда курулуп бүттү. Жакында үчүнчү ай болот, ал эми үйлөр бүткөрүлө элек. Иштерди тездетүү керек», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Ошондой эле ал айылдарда инфраструктураны түзүү боюнча иштерди жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

«Эгерде маселе башкы планга тийиштүү болсо, анда документке тийиши бар кызматкерлерди иштен бошотуу керек. Эгерде маселе башкы планда болбосо, демек, маселе мурда берилген тапшырмалардын аткарылышында жатат. Тиешелүү органдар “уктап” жатса, министрлер Баткенге барып, жаңы жылга чейин иш алып барып, ушул маселелердин баарын чечип беришет», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>