Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты
Кыргызстан банктар аралык аукциондо ири суммадагы доллар сатып алды
13.06.2022 | 23:22
Ушул жылдын 10-июнунда Кыргызстандын коммерциялык банктары банктар аралык валюта аукциондорунда 36 миллион 350 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
АКШ доллары 79,52 сомдун ачылыш курсу менен сатып алынса, жабылуу курсу 79,5 сомду түздү.
Бул 45 миллион 550 миң доллар сатылып алынган 2022-жылдын 4-мартынан берки эң ири америкалык валюта (ачуу курсу – 97,69 сом, жабуу курсу – 97,5 сом).
Буга чейин, 10-июнда Улуттук банк кайра валюта рыногуна тескери интервенция менен чыкканын билдирген. Бул жолу Улуттук банк 1 долларга 33,7 миллион долларды 79,5 сомдон сатып алды.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика