Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталууда
Кыргызстан боюнча жумушсуздардын эң көбү Баткенде
11.02.2022 | 17:40
Жыл башынан бери экономикалык активдүү калктын саны 2 миллион 595,4 миң адамды түзгөн өлкөдө жумушсуздуктун деңгээли 2,9 пайызды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Расмий жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Баткен (5,5 пайыз) жана Жалал-Абад (5 пайыз) облустарында белгиленген. Эң төмөнкү деңгээл Бишкек шаарында (1,2 пайыз) жана Чүй облусунда (1,5 пайыз).
2021-жылы 76 миң адам расмий жумушсуз статусуна ээ болгон. Жумушсуздукту азайтуу максатында Бишкек, Ош, Нарын жана Каракол шаарларында кесипке багыт берүүчү борборлор ачылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом