Ош базарында жапайы канаттууларды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталдыКыргызстандагы банктардын кредиттик портфели тогуз айда 29,9%га өстүЧүйдө унаа жолго сапатсыз асфальт төшөлгөн. Ишканага жолду кайра жасоо тапшырылдыКыргыз улуттук кинематографиясынын негизделгенине 85 жыл толдуБишкектеги унаа жуучу жайда айдоочу люктан чыгып келе жаткан жумушчуну сүзүп кетип, ал каза болдуБишкектин Новопавловка айылынын бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Кыргызстан боюнча жумушсуздардын эң көбү Баткенде
11.02.2022 | 17:40
Жыл башынан бери экономикалык активдүү калктын саны 2 миллион 595,4 миң адамды түзгөн өлкөдө жумушсуздуктун деңгээли 2,9 пайызды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Расмий жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Баткен (5,5 пайыз) жана Жалал-Абад (5 пайыз) облустарында белгиленген. Эң төмөнкү деңгээл Бишкек шаарында (1,2 пайыз) жана Чүй облусунда (1,5 пайыз).
2021-жылы 76 миң адам расмий жумушсуз статусуна ээ болгон. Жумушсуздукту азайтуу максатында Бишкек, Ош, Нарын жана Каракол шаарларында кесипке багыт берүүчү борборлор ачылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом