Кыргызстан дагы АКШ жарандары үчүн визанын мөөнөтүн 10 жылга узартты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, эки тараптуу макулдашуунун жыйынтыгында туристтик жана ишкердик категориядагы визалардын мөөнөтү узартылды. Анын баасы 185 долларды түзөт.
Белгилей кетсек, Америка дагы кыргыз жарандары үчүн жогоруда аталган визаларды 10 жылга берип баштады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз