Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Бишкекте 10-16-мартта үчүнчү дивизиондун ( “А” тайпасы) командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдешке Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка Республикасы, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланддын курамалары катышат.

Бул беттештерде Кыргызстандын курамасы экинчи дивизионго чыгуу үчүн күч сынашат. Командалар бири-бири менен бир айлампада ойношот.

Мелдештин жадыбалы:

Кыргызстан — Таиланд, 10-март, саат 20:00;

Кыргызстан — Люксембург, 11-март, саат 20:00;

Кыргызстан — Түркмөнстан, 13-март, саат 20:00;

Кыргызстан — Мексика, 14-март, саат 20:00;

Кыргызстан — Түштүк Африка Республикасы, 16-март, саат 20:00.

Оюндар “Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында өткөрүлөт. Дареги: Виноградная көчөсү 1/3

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>