Кыргызстан дүйнөлүк деңгээлдеги жасалма интеллект моделин тааныштырды: AiRUN кыргыз тилин эң жакшы түшүнөт

29.10.2025 | 18:00

AiRUN командасы кыргыз тилин түшүнүү жана текст түзүү боюнча дүйнөдө эң мыкты деп таанылган жаңы тилдик жасалма интеллект моделин тааныштырды. Иштеп чыгуучулар бул модель колдонууга ачык жана акысыз экенин маалымдады.

AiRUN кыргыз тилдүү эң ири маалымат базасында — дээрлик 59 миллион сөздүн негизинде окутулган. Мунун аркасында ал грамматикалык тактык жана маанини терең түшүнүү боюнча жогорку жыйынтыктарга жетишти. Эл аралык тесттердин жыйынтыгында система логика, ой жүгүртүү жана контекстти түшүнүү боюнча башка аналогдордон ашып түшкөн.

Модель BoolQ, HellaSwag жана PIQA тесттеринен ийгиликтүү өттү. Бул тесттер жасалма интеллекттин логикалык ой жүгүртүүсүн, жалпы түшүнүктү аңдоосун жана дүйнөдөгү физикалык мыйзам ченемдүүлүктөрдү билүү жөндөмүн текшерет. Бул сыноолор ИИнин «адамдай ой жүгүртүүгө» канчалык жакын экенин баалоо үчүн колдонулат.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, AiRUN 93–95% тактык менен иштейт. Бул улуттук корпоративдик жана мамлекеттик жасалма интеллект системаларын чет элдик платформаларга көз каранды болбостон, кыргыз тилинде түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

AiRUN’дын негизинде төмөнкүлөрдү түзүүгө болот:

  • акылдуу мамлекеттик кызматтар жана e-gov платформалары;
  • каржы жана банк ассистенттери;
  • жасалма интеллектке негизделген аналитикалык жана юридикалык системалар;
  • жаңы муундагы билим берүү платформалары.

Модель үн менен башкарууну(сүйлөөнү таануу жана синтездөө — STT жана TTS) камтыйт. Бул функциялар аркылуу үн ассистенттерин, call-борборлорду жана банк, телеком, мамлекеттик мекемелер үчүн интерфейстерди түзүүгө болот.

Мындан тышкары, система тышкы API’лерди колдонбостон автономдуу иштейт. Бул улуттук маалыматтардын коопсуздугун жана санариптик көз карандысыздыкты камсыз кылат.

«Биз Кыргызстан жасалма интеллект технологияларын колдонуучу гана эмес, жаратуучу өлкө боло аларын далилдедик. AiRUN — бул санариптик суверенитетке жана технологиялык көз карандысыздыкка карай жасалган чоң кадам. Эми биздин тил дүйнөлүк технологиялык прогресстин бир бөлүгү», — деди AiRUN компаниясынын башкы директору Чыңгыз Арзиев.

Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын маалыматына ылайык, команда учурда төмөнкү багыттарда иш алып барууда:

  • моделдин параметрлерин кеңейтүү;
  • диалекттерди колдоо;
  • көп тилдүү режимди (KG–RU–EN) ишке киргизүү;
  • банк, билим берүү жана мамлекеттик сектор үчүн интеграциялар.

Жогорку технологиялар паркында белгилешкендей, улуттук маалыматтарга негизделген мындай тилдик моделдердин жаралышы Кыргызстанда санариптик эгемендүүлүктү бекемдөөгө жана кыргыз тилинин жасалма интеллект тармагындагы ордун кеңейтүүгө чоң салым кошот.

Scroll to Top