КР автожолдорунда «Автоураган» иштей баштады — алар кайда орнотулган жана эмнелерди каттайтДастан Бекешев депутаттарга эмне үчүн малды башка бирөөнүн талаасына коё бербеш керектигин түшүндүрдү16-апрелде Бишкектин четиндеги бир катар конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөтКир жана гигиена каражаттарынын жоктугу. Акыйкатчы Бишкек шаардык ИИББдин атайын кабыл алуу жайына бардыКадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болотЧыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жазды
Кыргызстан дүйнөлүк паспорт индексинде 73-орунду ээледи
25.07.2025 | 18:50

Кыргызстандын паспорту дүйнө рейтингинде 73-орунду ээледи. Бул тууралуу Henley & Partners компаниясы жарыялаган Дүйнөдөгү паспорттордун 2025-жылкы индексинде (The Henley Passport Index 2025) маалымдалды.
Индекстеги бул маалымат кыргызстандыктар дүйнөнүн 63 өлкөсүнө визалык чектөөсүз, эркин саякаттай алышат дегенди түшүндүрөт. 73-орунда Кыргызстан менен бирге Африканын Зимбабве жана Руанда мамлекеттери турат.
Рейтингдин сап башында Сингапур турат. Бул мамлекеттин жарандары 193 өлкөгө визасыз кире алышат. Андан кийин 2-орунда Жапония менен Түштүк Корея турат, жарандары 190 өлкөгө визалык чектөөсүз саякаттай алышат.
Ал эми коңшу өлкөлөрдүн паспорттору төмөнкү орундарды ээлешкен:
- Казахстан: 63-орун (79 өлкө);
- Өзбекстан: 74-орун (62 өлкө);
- Тажикстан: 80-орун (56 өлкө);
- Кытай: 60-орун (83 өлкө).
Рубрики: Жаңылыктар, Коом