Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы Владимир Путиндин жарлыгы менен Достук ордени менен сыйланды

02.02.2026 | 12:33

Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин «Кыргызстан элинин Ассамблеясы» ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин кеңешинин төрагасы Алмамбет Матубраимовду Достук ордени менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу расмий документтин текстинде кабарланат.

«Орусия Федерациясынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка ылайык, сыйлык Орусия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды.

Алмамбет Матубраимов аталган жарлыкта белгиленген эки чет элдик жарандын катарына кирди. Сыйлангандардын тизмесинде жалпысынан Орусиянын 180 жараны жана бир эмгек жамааты бар. Достук ордени — эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоого кошкон өзгөчө салымы үчүн берилүүчү РФтин мамлекеттик сыйлыгы.

Scroll to Top