КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Бишкекте 19 жаштагы жигит баңгизат катып жаткан жеринен милиция кызматкерине кармалды
02.02.2026 | 12:52

Бишкек шаарында 19 жаштагы жигит баңгизат катып жаткан жеринен милиция кызматкерине кармалды.
Бишкек ШИИБдин маалыматында, 31-январда Биринчи май райондук милициясынын кызматкери Огородная көчөсүндө кызмат өтөп жатып, жүрүм-туруму менен шек жараткан жигитти байкап калган. Текшерүү учурунда жигит баңгизаттарды жашырып жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
19 жаштагы Т.Б. аттуу шектүү кармалган. Ошондой эле ал 29 даана оромодогу баңгизатты өткөрүп берген. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иши уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар