КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Быйыл Бишкек шаарына 20 жаңы мектеп курулат
02.02.2026 | 12:27

Быйыл, 2026-жылы, Бишкек шаарына 20 жаңы мектеп салынат. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Курулуш министрлигинин маалыматында, учурда мектептердин курулуш аянты белгиленип, долбоордук-сметалык документтери даярдалган. Ошондой эле алардын бир нечесинин курулушу башталганы турат:
- Көк-Жар конушуна 500 орундуу мектеп;
- Өскөн-Ордо конушуна 3 кабаттуу, 750 орундуу жаңы мектеп;
- Көк-Жар айылына 3 кабаттуу, 750 орундуу жаңы мектеп;
- Дордой конушундагы №94 орто мектебинин жаңы 3 кабатуу окуу корпусу;
- Свердлов районундагы №46 орто мектептин жаңы окуу корпусу;
- Кара-Жыгач конушундагы №91 орто мектебинин жаңы окуу корпусу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом