Курулуш министрлигинде 1,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталдыСокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылдыКыргызстандын парламентинин төрагасы Москвада эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелерин көтөрдүКыргызстан жерлерди калыбына келтирүү боюнча эл аралык программага кошулдуКытайлык компания Кыргызстанда дрон чыгаруучу завод курууну пландоодоБишкекте ысык суунун тарифи өзгөрдү
Кыргызстан Евразиялык конгресске катышат
06.11.2020 | 14:39
Москвадагы Евразия Өнүктүрүү Банкы (ЕӨБ) Биринчи Евразиялык Конгрессти 2020-жылдын 4-декабрында өткөрөт. Бул тууралуу эл аралык банктын басма сөз кызматы билдирет.
Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын өкмөт башчылары “Экономикалык прагматизм жана өз ара пайда Евразиялык экономикалык интеграциянын негизи катары” пленардык жыйынга чакырылган. Ошондой эле, конгресстин алкагында Евразиялык экономикалык интеграциянын ар кандай аспектилери боюнча бир нече панелдик талкууларды өткөрүү пландаштырылууда.
«Конгресстин максаты – Евразиялык экономикалык интеграция чөйрөсүндөгү практикалык чечимдерди издөө жана талкуулоо», – деди Николай Подгузов, ЕДБ Башкармасынын төрагасы.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика