Кыргызстан Европа өлкөлөрүнө бал экспорттоого расмий укук алды

Кыргызстан Европа өлкөлөрүнө бал экспорттоого расмий түрдө укук алды. Айыл чарба министрлиги билдиргендей, Европа комиссиясы кыргыз балын Европа Биримдигинин аймагына импортту жөнгө салуучу техникалык регламенттин тизмесине киргизди.
Бул чечимге байланыштуу Ветеринария кызматынын директору Адилет Сотовалдиев бал өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрдү. Жыйында экспорттун жол картасын иштеп чыгуу, продукциянын сапатын камсыздоо жана Европа базарындагы потенциалды жогорулатуу маселелери талкууланды.
Европа базарына жол ачылышы экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө жана кыргыз продукциясынын эл аралык рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга шарт түзөт.
Ветеринария кызматы ЕБге экспорттолуучу мал чарба товарларынын тизмесин кеңейтүү боюнча иштерди улантарын маалымдады. Бул өлкөнүн продукция жеткирүүчү катары позициясын бекемдөөгө багытталган.