Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Күрөөгө паспорт, күбөлүктөрдү алышкан. Караколдо 16 күрөөкананын иши токтотулду
04.02.2026 | 16:35

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Каракол шаарындагы күрөөканалардын ишин текшерип, 16сынын ишмердүүлүгүн токтотту.
Атайын кызмат, шаардагы айрым күрөөканалар мыйзамдын талаптарын бузгандыгы аныкталган. Алар күрөө катары жарандык паспортторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды кабыл алып келишкен.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 16 күрөөканага мөөр басылып, ишмердүүлүгү токтотулду. Калган субъекттерге карата текшерүү иштери уланууда.
Ошондой эле «Сүткорлук иш-аракетин чектөө жөнүндө» мыйзамдын негизинде белгиленген пайыздык чендер 30%дан ашпашы керектиги боюнча күрөөкана ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар