Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Кыргызстан Германиядагы Этнологиялык музейге улуттук экспонаттарды тапшырды
27.05.2025 | 09:56
Кыргызстан улуттук экспонаттарын Германиянын борбору Берлин шаарындагы Этнологиялык музейге белек катары тапшырды. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Экспонаттарга кыргыздын улуттук кийимдери, кийизден, жыгачтан жана териден жасалган турмуш-тиричилик буюмдары, “Манас” эпосу тууралуу китептер кирген.
“Этнологиялык музейде аталган кыргыз улуттук буюмдарынын жайгашышы борбор калаанын тургундарына жана көптөгөн туристтерине Кыргызстандын бай маданий мурастары, тарыхы жана салттары менен кеңири тааныштырууга өбөлгө түзөт”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар