Кыргызстан кант диабетин жана гипертонияны алдын алуу боюнча өз тажрыйбасын ДССУнун сессиясында сунуштады

29.10.2025 | 14:40

Кыргызстан кант диабетине, гипертонияга жана башка жугушсуз ооруларга каршы күрөшүү боюнча өз тажрыйбасын Данияда өтүп жаткан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европа аймактык комитетинин 75-сессиясында сунуштады.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз сөзүндө өлкөдө өнөкөт оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө системасы үй-бүлөлүк дарыгерлер жана поликлиникалар деңгээлинде активдүү өнүгүп жатканын билдирди. Анын айтымында, негизги көңүл гипертония менен диабетти эрте аныктоого, жөнөкөй жана түшүнүктүү медициналык протоколдорду киргизүүгө, медайымдардын ролун күчөтүүгө жана медициналык жардамдын сапатын көзөмөлдөөгө жардам берген санариптик системаларды өнүктүрүүгө бурулууда.

Чечейбаев белгилегендей, ДССУнун 2026–2030-жылдарга карата жаңы Европа программасынын негизги принциптери: теңдик, инновация жана ар түрдүү секторлор ортосундагы кызматташтык. Бул идеялар Кыргызстандагы жугушсуз ооруларга каршы улуттук стратегияга да киргизилген.

Министр калктын ден соолугун чыңдоодо жергиликтүү бийликтин, коомдук уюмдардын жана жарандардын өздөрүнүн катышуусу маанилүү экенин баса белгиледи. Ал ден соолукка зыян келтирүүчү факторлорго, мисалы, зыяндуу азыктарды жарнамалоо жана кыймылсыз жашоо образына каршы күрөштө күчтөрдү бириктирүүгө чакырды.

Scroll to Top