Бишкектеги орус театрында Вячеслав Виттихтин «Өлүк жандар» спектакли көрсөтүлөтОшто жергиликтүү дыйкандар менен өндүрүшчүлөрдүн «Түштүк Экспо-2026» жарманкеси өтүүдө«Батыш ишеним кризисине кабылды» — ЕАЭБдин товардык-чийки зат биржасынын башчысы«Тазалык» ишканасына 22 даана атайын техника тапшырылдыБишкекте 40 таштанды сорттоочу пункт түзүлүүдөҮч өлкөнүн чек арачылары чек ара аймактарында тез арада аракеттенүү жолун табышты
«Мурас Синтез» ишканасында мыйзам бузуулар аныкталып, 100 миң сомго жакын айып пул салынды
29.10.2025 | 14:23
Жалал-Абад облусунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору «Мурас Синтез» ишканасына текшерүү жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө экологиялык жана техникалык коопсуздук нормаларынын бузулушу аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ишкананын жетекчилигине бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилип, 4 протокол түзүлгөн. Ишканага 99 миң сом өлчөмүндө айып салынган.
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Мурас Синтез» ишканасы табигый минералдар менен тоо тектерди казып алуу иши менен алектенет.
Мекемеден белгилешкендей, экологиялык стандарттар менен коопсуздук талаптарын сактабаган учурлар административдик жоопкерчиликке алып келет. Ошондой эле ишканага аныкталган бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу тапшырмасы берилген.


