Кыргызстан Кытайга төө буурчак жана тыбыт экспорттойт

Кыргызстан Кытайга төө буурчак жана тыбыт экспорттойт

Пекин шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын партиялык комитетинин катчысы Юй Цзяньхуа менен жолукту. Бул тууралуу Минкабдан билдиришти.

Анда Бакыт Төрөбаев, акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү көтөрүлгөнүн белгилеп, бул жөн гана соода жүгүртүү эмес, бул ар кандай тармактарда позициялардын жакындашынан кабар берээрин белгиледи.

“Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктуна жана кытай тараптагы “Улугчат” бажы зонасына жакын жерде көзөмөлдөөчү кампанын курулушу жакын арада бүткөрүлөөрү күтүлүүдө. Муну менен Кыргызстандан Кытайга жүк ташуунун көлөмүнүн жогорулашына ишенем. Эң негизгиси бажылык жол-жоболорду дагы жөнөкөйлөтүп алсак, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу алмашууга өбөлгө түзөт”, — деди Бакыт Төрөбаев.

Өз кезегинде Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын партиялык комитетинин катчысы Юй Цзяньхуа 2023-жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 2022-жылга салыштырмалуу жогорку деңгээлге көтөрүлгөнүн айтып, кытай тарап экологиялык жактан таза азык түлүк продукцияларын импорттоого даяр экендигин билдирди. Жыйынтыгында тараптар Кыргызстандан Кытайга төө буурчакты жана тыбытты экспорттоону макулдашты.

Белгилүү болгондой, эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 2023-жылы 20 млрд долларды түзсө, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында ал 11 млрд долларга  жеткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>