Кыргызстан менен АКШ коопсуздук тармагында кызматташууну тереңдетет

11.12.2025 | 15:56

Бүгүн, 11-декабрда, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен АКШнын Кыргызстандагы элчилиги эки өлкө ортосундагы коопсуздук тармагында кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Талкууга ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев менен АКШ элчилигинин баңгизаттардын эл аралык жүгүртүүсүнө жана укук коргоо ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү бөлүмүнүн директору Мелисса Кроуфорд катышкан.

Мындан тышкары иш-чарага ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Эл аралык кызматташтык башкы башкармалыгынын жетекчилери жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчи кызматкерлери катышкан.

Жолугушууда тараптар киберкылмыштуулукка, адам сатууга, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы аракеттенүү жана транс улуттук коркунучтарга биргелешип жооп кайтаруу маселелерин талкуулашкан.

Scroll to Top