Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу келишими күчүнө кирди

Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу келишими күчүнө кирди

Бүгүн, 14-майда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосундагы айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу тууралуу өкмөттөр аралык келишими күчүнө кирди. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттиги билдирди.

Келишимге ылайык, эми БАЭде мыйзамдуу жашаган Кыргызстандын жарандары өзүнүн улуттук айдоочулук күбөлүгүн кошумча окуу же сынаксыз эле БАЭнин айдоочулук күбөлүгүнө алмаштыра алышат. Ошондой эле Кыргызстанда жашап жаткан БАЭ жарандарына да ушундай эле мүмкүнчүлүк берилет.

«Келишимдин максаты — жарандардын жүрүп-туруу шарттарын жеңилдетүү, эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ортосундагы ишенимди бекемдөө жана транспорт, жол коопсуздугу жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү»,- деп билдирди аталган мекеме.

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн төмөнкү документтер керек:

  • БАЭде жашаган кыргызстандык жарандар үчүн:
  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту
  2. БАЭде жашоого уруксат (резиденциялык виза)
  3. Улуттук айдоочулук күбөлүк
  4. Медициналык маалым кат
  • Кыргызстанда жашаган БАЭ жарандары үчүн:
  1. БАЭ жаранынын паспорту
  2. Кыргыз Республикасында жашоого уруксат
  3. Улуттук айдоочулук күбөлүк
  4. У-083 формасындагы медициналык маалым кат

Маанилүү эскертүү: Айдоочулук күбөлүктү алмаштырганда улуттук күбөлүктүн оригиналы алынбайт, тагыраагы, жарандын өзүндө калат.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кыргызстандын жана БАЭнин консулдук мекемелерине кайрылсаңыз болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>