Кыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайы
Кыргызстан менен Грузиянын парламенттери кызматташат
22.02.2024 | 20:33
Бүгүн, 22-февралда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Николоз Лалиашвили менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык эки тараптуу мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды.
Тактап айтканда, тараптар парламенттер аралык чөйрөдө кызматташууну активдештирүү, соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясынын ишин жандандыруу, ошондой эле жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу боюнча макулдашышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар