Кыргызстандык окуучулар робототехника боюнча эл аралык чемпионатка катышат 

Кыргызстандык окуучулар робототехника боюнча эл аралык чемпионатка катышат 

Бишкек шаарындагы окуучулар робототехника боюнча Борбор Азиядагы эң ири чемпионатка катышат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, №24 А.Токомбаев атындагы  мектеп-гимназиясынын окуучулары бүгүн Астанага жөнөп кетишти.

Эртең алар “Central Asia FIRST Championship 2024” мелдешине катышат. Жалпысынан чемпионатка 10 өлкөдөн 3000ден ашуун катышуучу катышууда.

Иш-чара муниципалдык мектептин окуучулары менен биринчи жолу болуп жатат. Мындай мүмкүнчүлүк балдар үчүн Кыргызстандын Билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулган робототехника боюнча мектеп окуучулары үчүн STEM FIRST биринчи республикалык олимпиадасынан кийин пайда болду.

Сынак 2024-жылдын 4-февралында өтүп, ага 6 жаштан 16 жашка чейинки 160 окуучу катышкан. А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын робототехника командасы бешинчи орунду ээлеп, Астана шаарына жолдомо алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>