Алдамчылык жана коррупциялык кылмыш иштер эскирбейт. Мыйзамга кол коюлду

Алдамчылык жана коррупциялык кылмыш иштер эскирбейт. Мыйзамга кол коюлду

2023-жылдын 28-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренесинин 6-бөлүгү (эскирүү мөөнөтү колдонулбаган кылмыштардын тизмеси) төмөнкү беренелер менен толукталды:

– 209-берененин 3, 4-бөлүктөрү менен (уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык);

– 210-берененин 3, 4-бөлүктөрү менен (уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу);

– 215-берененин 3-бөлүгү менен (адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү);

– 336-беренеси менен (Коррупция).

Жаңы өзгөрүүлөр боюнча «Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренеси) келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулбаса, кылмыш куугунтугунун  мөөнөтү эскирген учурда дагы ишти токтотууга жол берилбейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>