Кыргызстан менен Казакстан Токаевдин сапарына даярданып, кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан Токаевдин сапарына даярданып, кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулады

Астанада Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда саясий консультациялар өттү. Анын негизги темаларынын бири Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке расмий сапарын даярдоо болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев жана Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Ермухамбет Конуспаев баштаган делегациялар эки тараптуу мамилелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Күн тартибинде соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелери турду. Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагында жүрүү шарттарына өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алмашып, жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу багытын ырасташты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Казахстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>