Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы Иштер Министрлери стратегиялык кызматташтыкты талкуулашты

1–2-август күндөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – Тышкы Иштер Министри Мурат Нуртлеу расмий сапар менен Кыргызстанга келди.
Сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири багыттарын талкуулашты. Тараптар саясий, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык тармактардагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү тууралуу пикир алмашуулар болду.
Министрлер жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун жетишилген деңгээлине ыраазычылык билдиришип, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары дагы чыңдоого жана кеңейтүүгө бекем даяр экенин ырасташты.
Сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттарды жаңыртуу жана товарлар менен жарандардын эркин жүрүшүн камсыз кылуу маселелери негизги темалардан болду. Министр Жээнбек Кулубаев өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, товар жүгүртүүнү жана инвестициялык байланышты кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле тараптар мамлекет жана өкмөт башчылары жетишкен макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгып, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин өткөрүлө турган эки тараптуу жолугушууларды жана расмий сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Бул контекстте Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарына даярдык маселеси өзүнчө көңүл борборунда болду.
Сапардын жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жетинчи отурумунун документтерине кол коюшту. Кеңеш жыйыны жакын арада эки өлкөнүн президенттеринин төрагалыгы алдында өтүшү күтүлүүдө.