Кыргызстан менен Кытай кошумча автожол өткөрүү пунктун ачууну талкуулоодо

Кыргызстан менен Кытай кошумча автожол өткөрүү пунктун ачууну талкуулоодо

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында кошумча автожол өткөрүү пунктун ачуу маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Үрүмчү шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында билдирди.

Ал “Кытай-Евразия: Жибек жолундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Евразия үчүн жаңы жашоонун күчү” ЭКСПОнун расмий ачылышына катышты.

Акылбек Жапаров туризмге кызыккан компанияларды бул жааттагы долбоорлорду ишке ашырууга, Улуу Жибек Жолу боюнча каттамдарды өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырды.

“Кошумчалай кетсем, учурда унааларды ташууга болгон суроо-талап жогору, ошол себептүү Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында кошумча автожол өткөрүү пунктун ачуу маселеси талкууланып жатат, бул соода-логистикалык кызматташтыкка түздөн-түз кошумча динамика кошот. Транспорт системасын жакшыртуу эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга, ошондой эле Кытай менен Борбор Азияда, Батыш Азияда, Перс булуңунда жана Европада жайгашкан өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө өбөлгө түзөт. Транспорт тармагындагы инфраструктуралык биргелешкен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун жүрүшүн кошумчалайм. Бүгүнкү форум жаркын келечекке дагы бир кадам болуп, баарыбыз үчүн олуттуу жемиштерди алып келсин”, — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>