Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматы жол-жобосун түшүндүрдүБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяландыӨкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы каржы кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды
04.06.2025 | 10:42
Пекинде Кыргызстандын Финансф министри Алмаз Бакетаев менен Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев менен Кытай Эл Республикасынын каржы министри Лан Фоандын жолугушуусу болду.
Төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү, транзакциялык чыгымдарды азайтуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө юанды колдонууга басым жасоо менен финансылык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Кыргызстандын мамлекеттик банктарын Кытайдын CIPS төлөм системасына кошуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Бул юань менен түз эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, бул чыгымдарды азайтат жана үчүнчү валюталар аркылуу эсептешүүлөрдөн көз карандылыкты азайтат.
Рубрики: Жаңылыктар