Жээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулаштыБишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутат
Кыргызстан менен Кытайдын туристтик ресурстарын илгерилеткен онлайн-платформа түзүлөт
02.10.2025 | 16:34

Кыргызстан менен Кытайдын туристтик ресурстарын илгерилетүүгө багытталган онлайн-платформа түзүлөт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган фонд Кытайдын Сиань шаарында өткөн кыргыз делегациясынын иш сапарынын ишкердик программасына катышкан. Анда фонддун президентинин кеңешчиси Кылычбек Рысалиев Кыргызстандын туристтик потенциалы боюнча жана фонддун долбоорлору, демилгелер тууралуу маалымат берген.
Сапардын алкагында Сиань шаарындагы бизнес жана туристтик ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлгөн. Жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын туристтик ресурстарын онлайн-платформалар аркылуу илгерилетүүгө багытталган үч тараптуу кызматташтык меморандумга кол коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом