Кыргызстан менен Ливия кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйт

06.08.2025 | 10:34

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Ливия мамлекеттинин Президенттик кеңешинин төрагасы Мохаммед Юнис Ахмед Аль-Менфи менен жолугушуп, эки өлкө ортосунда кызматташууну өнүктүрүү тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул жолугушуу Түркмөнстанда өткөн деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясынын алкагында өттү.

Адылбек Касымалиев жолугушууда Кыргызстан араб дүйнөсү жана Африка континентинин өлкөлөрү, анын ичинде Ливия менен кызматташтыкты кеңейтүүгө маани берээрин билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу келишимдерге жетишүү тууралуу пикир алышышты.

Ошондой эле өз ара колдоого негизделген БУУнун алкагында кызматташуу талкууланды.

Scroll to Top