КР Саламаттык сактоо министрлиги реанимация кызматын өнүктүрүү пландарын белгиледиЖибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы унаалар үчүн ачылатКыргызстанда таттуу суусундуктарга жана туздуу азыктарга акциздик салыкты жогорулатуу сунушталуудаКыргызстандан мал ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды10-март: Жаан, кар жаайтАйдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды
Кыргызстан менен Мальтанын соода жүгүртүүсү 55 эсе өстү
08.11.2022 | 16:40
Быйыл январь-август айларында Кыргызстан менен Мальтанын соода жүгүртүүсү дээрлик 55 эсе өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү былтыркыга караганда 150,8 миң доллардан 8 млн 228,6 миң долларга чейин көбөйгөн. Бул өсүш Кыргызстандын экспортунун көбөйүшүнөн улам болгон.
Статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстан Мальтага минералдык отун, мунай жан мунай продукциясын, минералдык момдорду, битум камтылган заттарды экспорттогон. Экспорт 8 млн 165,8 миң долларды (658 млн 467,9 мин сомду) түзгөн. Былтыр Кыргызстандын экспорту 3,5 миң доллар гана болгон.
Ошол эле учурда импорт 147,2 миден 62,8 миң долларга азайган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом