Алишер Усмановдун яхтасындагы 30 картина камакка алынды

Алишер Усмановдун яхтасындагы 30 картина камакка алынды

Германиянын полициясы россиялык олигарх Алишер Усмановдун Dilbar яхтасынын жасалгасынын бир бөлүгү болуп эсептелген 30 картинаны камакка алды. Бул тууралуу Süddeutsche Zeitung басылмасы кабарлады.

Сүрөттөрдүн жалпы баасы бери дегенде эле 5 миллион евро деп бааланууда. Алардын арасында белгилүү сүрөтчүлөрдүн, анын ичинде Марк Шагалдын эмгектери бар.

Сүрөттөрдү камакка алуу чечими санкцияларды колдонуу тууралуу мыйзамга ылайык кабыл алынган: Усманов немис бийлигине өлкөдөгү бардык активдери, анын ичинде картиналары тууралуу да маалымат бериши керек болчу. Бирок олигарх андай кылган эмес.

2021-жылы күзүндө яхта Гамбург шаарына капиталдык оңдоо үчүн токтотулган. Сүрөттөр андан бери экспидетор-компаниянын кампасында сакталып турган. 2022-жылы апрелде Германиянын полициясы яхтаны камакка алган. Тергөөчүлөр Dilbar офшор компаниялар аркылуу Усмановдун карындашы Гульбахор Исмаиловага таандык трастка «ишенимдүү башкарууга» берилгенин аныкташкан.

Сентябрда немис полициясы Усмановдун Германиядагы кыймылсыз мүлктөрүн, анын ичинде Бавариянын Тегернзе көлүндөгү вилласын тинтүүгө алган: тинтүү төрт федералдык аймактагы 24 объектиде жүрүп, ага 250 киши катышкан. Тергөөнүн маалыматына караганда, Усманов ага санкция киргизилгенден кийин мүлкүн кайтаруу үчүн күзөт кызматына акча төлөп, санкцияларды бузган болушу мүмкүн.

Der Spiegel басылмасы Усманов салык кылмыштарына да айыпталышы мүмкүн экенин жазган. Айрым маалыматтар боюнча миллиардер 2014-жылдан 2022-жылга чейин Германияда 555 миллион евролук кирешесине жана белектерине салык төлөгөн эмес болушу ыктымал. Мындан тышкары ал немис салык органдарынан Орусиядагы акцияларынан түшкөн дивиденддерин жашырган болушу мүмкүн.

69 жаштагы Алишер Усманов Россиянын эң бай адамдарынын бири. Forbes журналы анын байлыгын 11,5 миллиард долларга баалаган. Февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин ал эл аралык, анын ичинде Европа өлкөлөрүнүн санкциялык тизмелерине киргизилген. Май айында ал өзүнө каршы санкцияларды жоюу өтүнүчү менен Европа сотуна кайрылган. Сентябрда Венгрия Европа биримдигинен Усмановду санкциялык тизмеден чыгарууну талап кылганы кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>