Бүгүн, 10-июнда Бишкекте ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Орусиянын ИИМинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Дмитрий Бузан жетектеген делегеция менен жолугушту.
Жолугушуу тараптар эки өлкөнүн баңгизатка каршы күрөшүү кызматтарынын буга чейинки биргелешип жүргүзгөн иштери тууралуу сүйлөшүшкөн.
Ошондой эле синтетикалык баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү каражаттардын жайылуусу, аларды Интернет аркылуу сатууга байланыштуу баңгикоркунучунун өсүп жатканын эске алуу менен, бул багытта мындан аркы кызматташууну улантууну талкуулашкан.
Мындан сырткары, Орусияда эмгектенип жүргөн мигранттардын арасында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартууга бөгөт коюу боюнча биргелешкен иш-чараларды улантуунү билдиришкен.