Кыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду6-мартка карата аба ырайыКыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйт
Кыргызстан менен Роскосмос спутниктик технологиялар тармагында кызматташууну макулдашты
09.06.2025 | 10:04
Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов CIPR-2025 форумунда Роскосмостун жетекчиси Дмитрий Баканов менен жолугушту.
Министрликтен маалымдашкандай, жолугушууда тараптар спутниктик байланыш, адистерди даярдоо жана телекоммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кызматташуу боюнча меморандумду даярдоо боюнча макулдашууга жетишилди. Жамангулов бул Кыргызстан үчүн жаңы багыт экенин белгилеп, өлкө алдыңкы уюмдар менен системалуу өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар