Кыргызстан – Россия өнөктөштүгү: Сергей Лавровдун Чолпон-Атага болгон расмий сапарынын жыйынтыгы

Кыргызстан – Россия өнөктөштүгү: Сергей Лавровдун Чолпон-Атага болгон расмий сапарынын жыйынтыгы

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелер тарыхый, маданий жана саясий байланыштар менен тыгыз байланышкан. Бул мамилелер эки өлкөнүн коопсуздугу, экономикалык өнүгүүсү жана аймактык туруктуулугу үчүн маанилүү роль ойнойт. Акыркы жылдарда эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк бекемделип, кызматташуунун жаңы багыттары ачылды «Reporter.kg». бул макалада Кыргызстан-Россия мамилелеринин тарыхый контексти, учурдагы абалы, келечектеги перспективалары жана аймактык саясаттагы ролу жана Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргызстанга жасалган расмий иш-сапарына саресеп салат.

Кыргызстан менен Россиянын мамилелеринин тарыхы 19-кылымдан башталат. Совет доорунда Кыргызстан Россиянын курамында автономдук республика катары жашаган. 1991-жылы Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин, Россия менен эки тараптуу мамилелердин жаңы этабы башталды. Учурда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк деңгээлинде өнүгүп жатат. Эки өлкө ортосунда саясий, экономикалык, гуманитардык жана коопсуздук тармагында кызматташуунун кеңири спектри бар.

Баарыбызга белгилүү болгондой,экки өлкө эл аралык жана аймактык маселелерде бирдей позицияны карманышат. Кыргызстан-Россия мамилелери аймактык саясатта да маанилүү роль ойнойт. Эки мамлекет тең КМШ, ЕАЭБ жана ШКУ сыяктуу уюмдардын катышуучусу. Бул уюмдар эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана саясий байланыштарды бекемдөөгө жардам берет.

Ошондой эле Россия Кыргызстандын ири соода-экономикалык өнөктөшү экени белгилүү. Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү жыл сайын өсүүдө. Андан сырткары Россия Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда активдүү катышуучу болуп келет. Эки өлкө билим, маданият жана туризм тармагында тыгыз байланышта. Эки өлкө терроризм, экстремизм жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө биргеликте аракеттенүүдө.

Кыргызстандын берметинин жээгиндеги геосаясий диалог

Үстүбүздөгү жылдын 29–30-июнь күндөрү Россиянын Тышкы Иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди. Белгилүү болгондой Лавров Кыргызстандын ТИМ министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен кереметтүү кыргыз жергесине бул сапарын жасады. Эксперттердин баамында, бул сапар эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн дагы да тереңдетүүгө багытталган маанилүү дипломатиялык кадам катары бааланат.

Сергей Лавров Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана башка расмий өкүлдөр менен жолугушуп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады.

Сүйлөшүүлөрдө төмөнкү негизги маселелер каралды:

— Лавров Кыргызстандын эл аралык кырдаалдарга карата тең салмактуу жана объективдүү позициясын жогору баалады. Ал Бишкектин Украина маселеси боюнча конструктивдүү мамилесин белгилеп, Россиянын атынан ыраазычылык билдирди.

— Президент Садыр Жапаров Россия Кыргызстандын ири соода өнөктөшү экенин баса белгилеп, Россиядан келген түз инвестициялар оң динамикада өнүгүп жатканын белгиледи. Өзгөчө, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун мааниси баса көрсөтүлдү.

• Эмгек мигранттарынын укуктук макамын жөнгө салуу жана алардын укуктарын коргоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, Россия Кыргызстандан келген эмгек мигранттарын кабыл алууга кызыкдар экенин дагы бир жолу тастыктады.

— Тарыхый мураска болгон урмат жана элдер ортосундагы достукту чыңдоо маселелери да талкууланды. Лавров эки өлкө Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына байланыштуу кызматташуу жана патриоттук тарбия жаатындагы аракеттерди улантууга макулдашканын билдирди.

— Жакынкы Чыгыш, Палестина, Иран жана Украина маселелерин, ошондой эле БУУ, ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүү багыттары да каралды.

— Сергей Лавров Кыргызстанды Евразия чөлкөмүндөгү маанилүү өнөктөш катары сыпаттап, Ысык-Көлдү «жалпы Евразиянын бермети» деп атады.

Сапардын жүрүшүндө Лавров ошондой эле Чолпон-Ата шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Сербиядагы кырдаал боюнча Россиянын позициясын билдирип жатып, Лавров «түстүү революциялар» сыяктуу сырткы кийлигишүүлөргө каршы экенин айтып, ар кандай ички саясий маселелерди диалог аркылуу чечүүнү жактаарын белгиледи.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Россиянын ТИМ башчысы сүйлөшүүлөрдү ишеним жана өз ара түшүнүшүү духунда өткөнүн билдиришти. Тараптар жакынкы келечекте жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашышып, 2025-жылга карата кызматташуунун мазмундуу күн тартибин такташты.

Жалпылап айтканда Россиянын ТИМ министри Сергей Лавровдун Кыргызстанга жасаган визити жемиштүү, эки мамлекеттин мындан аркы кызматташуусуна дагы бир ирет ташталган көпүрө болду десек болот.

Рубрики: МАКАЛАЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>