Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат 05:54тө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында — 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>