Кыргызстан менен Тажикстан №42 протоколдун аткарылышын талкуулашты

Кыргызстан менен Тажикстан №42 протоколдун аткарылышын талкуулашты

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ар кызматынын жетекчилери 2022-жылдын 25-сентябрында кол коюлган №42 протоколдун аткарылышын талкуулашты. Бул УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу достук маанайда өттү.

Тараптар кол коюлган протоколдорду ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти.

«№42 протоколдун аткаруу үчүн чек ара өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш чараларга жогорку баа берилди», — дейт УКМК.

Белгилей кетсек, №42 протокол 2022-жылы Тажикстандын кезектеги кол салуусунан кийин кабыл алынган. Анда «Тамдык» (КР), «Бедак» (Тажикстан),  «Булак-Баши» (КР), «Кех» (Тажикстан), «Катта Туз» (КР),  «Каракчикум» (Тажикстан), «Ак-Сай» (КР), «Шаршара» жана «Ходжаи-Аъло» (Тажикстан) аскердик бекеттерин алып салуу каралган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>