АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы Раатбек аман-эсен табылды
01.05.2024 | 20:34
Чүйдүн Сокулук районунда дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы Раатбек Камилов аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Буга чейин кабарлангандай, милицияга Раатбек Камиловдун ата-энеси кайрылган. Алар уулу 29-апрелде кечинде Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, баласын табууга жардам сураган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө милиция өспүрүм баланы бүгүн, 1-майда “Риом Авто” унаа базарынын аймагынан таап, ата-энесине өткөрүп берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом