Японияда 9 млн үй ээсиз ээн калган

Японияда 9 млн үй ээсиз ээн калган

Японияда 2023-жылдын 1-октябрына карата ээн калган үйлөрдүн саны 9 миллионго жеткен. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер жана коммуникация министрлигинин изилдөөсү көрсөткөнүн япониялык басылма жазды.

2018-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык Японияда 8 млн 490 миң үй ээн турган. Андан бери 5 жыл аралыгында бош калган үйлөрдүн саны 510 миңге көбөйгөн. Ал эми 1993-жыл менен салыштырганда 4 млн 520 миңге арткан.

Ошол эле учурда күн чыгыш өлкөсүндө үйлөрдүн саны 65 млн 20 миңди түзөт. 2018-жылдан бери анын саны 2 млн 610 миңге көбөйгөн.

Изилдөөгө ылайык, Япониядагы үйлөрдүн жалпы санынын 13,8%ы ээн турат.

Японияда “ээн калган үйлөрдүн көбөйүшүнүн башкы себеби” деп улгайган адамдар көз жумган жана карылар үйүнө кеткен учурлар көп болуп жаткандыгы айтылган.

Тэги: үй Япония

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>